Улутстатком Улутстаткомдун расмий сайтын кантип колдонуу керектиги жана эмне үчүн аны билүү маанилүү экендиги жөнүндө видеотасма даярдады

Басылмалардын датасы: 19.08.2021


Кыргызстандын жана анын жарандарынын жашоосунун бардык аспектилери жана бардык тараптары жөнүндө объективдүү жана толук маалыматтын булагы болуп саналган расмий статистика маалыматтарына колдонуучулар тарабынан өсүп жаткан кызыгуусун эске алуу менен Улутстатком Улутстаткомдун расмий сайтын кантип колдонуу керектиги жөнүндө видеотасма даярдады.

Улутстатком өлкөнүн социалдык-экономикалык жашоо-турмушунун отуздан ашык багыттары боюнча статистика жүргүзөт. Мындан тышкары, сайттан колдонуучуларды кызыктырган басылмаларды, статистикалык актуалдуу жаңылыктарды, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча аналитикалык материалдарды, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттардын көрсөткүчтөрүн, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын мониторингин жана республика жана анын аймактары жөнүндө көптөгөн башкаларды табууга болот. Жалпысынан, ар бирибиз үчүн аны билүү маанилүү жана керек болгон нерселердин бардыгын табууга болот.

Улутстаткомдун адистери Excel, XML, JSON сыяктуу машинада окула турган форматтагы статистикалык маалыматтарды колдонуучулардын жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен сайттын ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүшөт.

Сунуш кылынган видеотасма сайттын бөлүмдөрү боюнча өзүнчө бир жол көрсөтүүчү болуп саналат, анда статистиканын бардык тармактары боюнча ар бир колдонуучу өзү үчүн өзүнө кызыктуу маалыматтарды тандай алат.

Сиздерге белгилүү болгондой, 2015-жылы туруктуу өнүгүү жаатында БУУ 2030-жылга чейин күн тартибин кабыл алган. Программа жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарын сактоого жана бакубатчылыкты камсыз кылууга багытталган 17 максаттан турат. Ар бир максат, алар 15 жылдын ичинде ишке ашырылышы керек болгон бир катар көрсөткүчтөрдү камтыйт. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы да өзүнө 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча милдеттенме алган.

Улутстатком Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн мониторингин жүргүзүү үчүн жооптуу расмий орган болуп саналат, алар ушул максаттарга жана милдеттерге жетишүү мониторингинин  169 маселесин жана 232 көрсөткүчтү камтыйт.

Алардын аткарылышынын мониторинги жөнүндө коомчулукка маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен азыртан эле "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары" бөлүмүндө калктын жынысы, жаш курагы, жашаган жери боюнча ачык бөлүнүшүндө 150дөн ашык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар колдонуу үчүн сунушталат.

"Улуттук деңгээлде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн потенциалды жогорулатуу" боюнча СООН-FCDO долбоорунун колдоосунун алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан даярдалган видеотасманы көрүү үчүн даярдалган видеону төмөнкү шилтеме боюнча көрүүгө болот.https://www.facebook.com/statcom.kg/videos/326015499108796


Акыркы жаңылоо: 19.08.2021, 15:13