Улуттук статистика комитети колдонуучуларды интерактивдүү анкета менен колдонулган сурамжылоого катышууга чакырат

Басылмалардын датасы: 07.06.2022


Сурамжылоо 30 күндүн ичинде (ушул жылдын 16-майынан 15-июнь аралыгында) өткөрүлөт. Интерактивдүү анкета өзүнө 12 суроону камтып, ал суроолор берилген маалыматтардын ырастыгын, өз учурунда берилгендигин, кайсы маалымат кызыгууну көп жаратаарын, маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, актуалдуулугу, маалыматты издөөдөгү ыңгайлуу шарттарды түзүү, жөнөкөйлүктү мүнөздөйт.

Сурамжылоонун жыйынтыктары статистикалык маалыматтын колдонуучуларынын керектүүлүгүнүн түшүнүүсүн жакшыртууга жана маалыматтык тейлөөнүн сапаттуулугун арттырууга чоң көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле мындай сурамжылоо Улуттук статистика комитетинин кызматкерлерине колдонуучуларынын кайсы маалыматка болгон көбүрөөк кызыгуусу бар экендигин аныктоого, статистикалык маалыматтарды берүү технологиясын жакшыртууга, колдонуучуларга маалыматтарды издөөдөгү  ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө түрткү берет.

Сурамжылоону толтуруу эки мүнөттөн ашпайт.

Өз ыктыярыңыздар менен анонимдүү сурамжылоого катышкандыгыңыздар үчүн алдын ала ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

http://www.stat.kg/kg/poll/opros-stepeni-udovletvorennosti-polzovatelej-naci/ 

 

 


Акыркы жаңылоо: 07.06.2022, 09:37