Улутстатком 2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун (УЭТ-2008) эл аралык стандартына ылайык ИДПнын эсептөөлөрүнүн негизги өзгөрүүлөрүнө өтүү боюнча иштерди улантууда

Басылмалардын датасы: 27.12.2023


 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Дүйнөлүк Банктын долбоорунун колдоосу менен 2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун (УЭТ-2008) эл аралык стандартына ылайык ички дүң продуктунун (ИДП) эсептөөлөрүнүн негизги өзгөртүүлөрүнө өтүү боюнча иштерди улантууда.

Белгилей кетсек, ички дүң продукт өлкөдө экономиканын бардык тармактарында өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын мүнөздөйт жана акыркы керектөө, топтоо жана экспорттоо үчүн арналган. Улутстатком улуттук эсептер тутумунун негизги иштеп чыгуучусу болуп саналат, ал эсептелине турган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, ошондой эле маалыматтардын эл аралык деңгээлде салыштырылышын камсыздайт.

Азыркы учурда Улутстатком 2019-2023-жылдар үчүн ИДПнын жылдык жана айлык такталган көрсөткүчтөрүн экономикалык иштин түрлөрү боюнча 2008-жылдагы Улуттук эсептер системасынын негизги өзгөрүүлөрүнө ылайык өндүрүш ыкмасы менен эсептөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

2008-жылдын Улуттук эсептер тутумунун эл аралык стандартына өтүү сарамжалдуу экономикалык чечимдерди кабыл алуу жана өнүктүрүүнүн натыйжалуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн негиз боло турган так жана салыштырылуучу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.


Акыркы жаңылоо: 28.12.2023, 08:56