Улутстатком сапатты башкаруу системасын киргизүү боюнча семинарларды өткөрдү

Басылмалардын датасы: 08.12.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Ош жана Бишкек шаарларында Дүйнөлүк банктын «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорунун алкагында аймактык статистика органдарынын жетекчилери үчүн «Кыргыз Республикасынын расмий статистикасынын сапатын башкаруу системасын киргизүү» семинарларын өткөрдү, аларга жакында кабыл алынган «Расмий статистиканын сапат декларациясы» жана «Расмий статистиканын сапатын башкаруу системасын камсыздоо саясаты» тааныштырылды.

Семинарлардын жүрүшүндө расмий статистиканын сапатын башкаруунун маанилүүлүк маселелери жана улуттук статистикалык системасында колдонула турган “Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн типтүү модели (GSBPM)” жана “Статистикалык кеңсени уюштуруунун типтүү модели (GAMSO)” процесстерди шайкеш келтирүүнүн жана оптималдаштыруунун эл аралык стандарттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар каралды.

Семинарлардын ишине ГОПАнын эки тараптуу өнөктөшү Реми Пруал, Улутстаткомдун кызматкерлери жана статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери катышышты.

 


Акыркы жаңылоо: 13.12.2023, 14:31