2020-жылы электрондук форматта өтө турган эл жана турак жай фондун каттоо боюнча семинар өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 22.10.2019


“Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун электрондук форматта каттоого даярдык көрүү” темасындагы окутуу семинары Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн өтүп жатат.

Бул семинар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 21-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкек шаарында өтөт. Буга чейин 14-октябрдан 18-октябрга чейин Ош шаарында Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ош шаарынын кызматкерлери үчүн семинардын биринчи этабы болуп өттү.

Семинарда электрондук суроолор жыйнагынын мазмуну, мобилдик тиркемеде суроолор жыйнагынын каттоо ирети жана 2019-жылы Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда өткөн пилоттук эл жана турак жай фондун каттоонун натыйжалары каралат.


Акыркы жаңылоо: 23.10.2019, 13:57