Улутстатком алдыдагы эл каттоону өткөрүү маселелери боюнча окутуу семинарынын акыркы этабын өткөрүп жатат

Басылмалардын датасы: 14.03.2022


Эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Улутстатком жана анын аймактык бөлүмдөрү каттоочулар үчүн окутуу семинарлар сериясынын үчүнчү этабын өткөрүүдө. Муну менен бирге, ушул топко кирген катышуучулардын көптүгүн (24 миңден ашык адам) эске алуу менен окутууну эки этапта өткөрүү чечими кабыл алынган. Убактылуу кызматкерлердин биринчи тобу үчүн окутуу үстүбүздөгү жылдын 14-мартынан 16-мартына чейин, ал эми экинчи тобу үчүн17-мартынан 19-мартына чейин жүргүзүлөт.

Семинарлардын жүрүшүндө эл каттоочулардын милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо жыйнактарынын программасын, ошондой эле аларды толтуруу тартибин деталдуу түрдө кароо пландаштырылууда.

  ​

 


Акыркы жаңылоо: 14.03.2022, 18:05