Улутстатком Кыргызстандагы БУУӨП менен биргеликте “Жакырчылык жана айлана-чөйрө” демилгеси БУУӨП-ЮНЕП долбоорунун чегинде кезектеги жылдык иш планын ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат

Басылмалардын датасы: 06.10.2015


Жылдык иш план Кыргызстандагы БУУӨП (НАСТ) менен Аткаруучу өнөк – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ортосунда макулдашылган акча которууга мамиленин негизинде ишке ашат.

Адамдардын байгерчилигине айлана-чөйрөнүн салымын жогорулатууга багытталган “Жакырчылык жана айлана-чөйрө” демилгеси - II фаза” долбоордун чегинде долбоордун күчү экономикалык жана экологиялык эсеп тутумун (ЭЭЭТ) киргизүү аркылуу статистиканын тийиштүү маселелери боюнча Улуттук статистика комитетинин дараметин бекемдөөгө багытталат.

Долбоор УСКнын тутумундагы туруктуу өнүгүү жана статистика тутумундагы ЭЭЭТны киргизүү көрсөткүчтөрүнун чегинде өсүүнүн жашыл индикаторлорун консолидациялоого фокус аркылуу Улуттук статистика комитети менен кызматташуу масштабдарын кеңейтүү жолу менен “жашыл” өсүүгө багытталган өкмөттүн аракетин колдойт.

2015-жылдагы Жылдык иш планына ылайык статистиканын ЭЭЭТны киргизүү аркылуу туруктуу өнүгүү мселелеринде УСКнын дараметин жогорулатууга жетүүгө багытталган 12 иш-чараларды ишке ашыруу каралган.

________________________________________________________________________________________________________

      Айлана-чөйрө жана МКТ                                    e-mail: korozbaeva@stat.kg

      статистикасы бөлүмү                                                    тел.: +996 (312) 32 46 91

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.10.2015, 11:35