Улутстатком мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууну күчөтөт

Басылмалардын датасы: 20.02.2024


2024-жылдын 20-февралында мамлекеттик органдардын жетекчилери Улуттук статистика комитети эл аралык эксперттер менен биргеликте Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган “Салыктык башкарууну жана статистикалык тутумду модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо үчүн уюштурулган тегерек столдун ишине катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө аткаруу бийлик органдарын жана коомчулукту негиздүү чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн объективдүү маалыматтар менен камсыздаган азыркы коомдогу расмий статистиканын ролу, бардык статистикалык өндүрүштү башкаруу тутумун өркүндөтүүнү караштырган комплекстүү тутумдук ыкманы колдонууга багытталган статистикалык тутумду модернизациялоо, институционалдык потенциалды чыңдоого багытталган иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын инфратүзүмүн жакшыртуу маселелери каралды.

Долбоордун негизги максаты улуттук статистика тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат, бул саясатчылар, бизнес, изилдөөчүлөр жана коомчулук үчүн маалыматтарды чогултуу менен негизги статистикалык көрсөткүчтөрдү (мисалы, ички дүң продукт, финансы статистикасы, тышкы соода, жакырчылык жана киреше статистикасы) өндүрүүнүн ортосундагы убакытты кыскартууну, ошондой эле Open Data Inventory (ODIN) баалоосуна ылайык 21 категория боюнча расмий статистикалык маалыматтардын ачыктыгын жогорулатууну камсыз кылат.

Улутстаткомдун жетекчиси Б.Кудайбергенов өз сөзүндө “Бүгүнкү күндө Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын расмий статистика тутуму үчүн тарыхий жактан маанилүү болгон бардык багыттар боюнча расмий статистика тутумун модернизациялоого жана өркүндөтүүгө алып келе турган чоң өзгөрүүлөр баскычында турат. Улутстаткомдун командасына чоң милдеттер жана милдеттенмелер жүктөлгөн, бирок биздин негизги иш-чаралар мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүдөн түз же кыйыр түрдө көз каранды”, - деп белгилеп өттү.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу статистикалык өндүрүштү башкаруунун жалпы тутумун өркүндөтүүнү, ошондой эле институционалдык потенциалды чыңдоого, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын инфратүзүмүн өркүндөтүүгө, статистикалык өндүрүш тутумун жогорулатууга, маалыматтарды жайылтууга жана пайдаланууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууну караштырган комплекстүү тутумдук ыкмаларды колдонууну болжолдойт.

Тегерек столдун жүрүшүндө сапаттуу статистикалык маалыматтарды өндүрүү үчүн мамлекеттик органдардын статистика органдары менен өз ара кызматташуусун жакшыртуу, респонденттердин отчеттук жүгүн азайтуу жана бюджеттик чыгымдарды кыскартуу маселелери талкууланды.

Улутстаткомду алдыдагы жылдарга өнүктүрүүнүн негизги багыттары санариптештирүүгө, тактап айтканда, электрондук жыйноого өтүүгө, маалыматтык технологиялардын инфраструктурасын өркүндөтүүгө, өндүрүштүк процесстерди стандартташтырууга жана рационалдаштырууга, маалыматтардын альтернативдүү булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө, статистикалык системанын аналитикалык жана коммуникациялык потенциалын өстүрүүгө байланыштуу.

 


Акыркы жаңылоо: 20.02.2024, 14:44