“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2015-жылдын январь-августунун деңгээлинен 0,5 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 15.09.2016


2016-жылдын январь-августунда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 113,8 млрд. сомду түздү, физикалык көлөмдүн индекси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу  91,7 пайызды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү текстиль өндүрүшүндө (38,6 пайызга), кийим өндүрүшүндө (20,3 пайызга), баалуу металлдар (17,8 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктулар (9,4 пайызга) өндүрүшүндө белгиленди. Электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн көлөмү 9,0 пайызга төмөндөдү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү 2015-жылдын январь-августунун деңгээлинен 0,5 пайызга жогору болду.

Металл кендерин казууда, (1,7 эсеге), тазаланган мунайзатты өндүрүүдө (48,6 пайызга), тамак-аш продуктуларын (7,5 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүүдө (7,0 пайызга) өсүш белгиленди.

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү

e-mail anurbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:45