Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата баяндама

Басылмалардын датасы: 29.09.2016


Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата баяндама

1991-жылдан баштап, 1-октябрьда Улгайган адамдардын Эл аралык күнү белгиленип келет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 45-сессиясында (1990-жылдын 14-декабрындагы № A/RES/45/106 Резолюциясы), Карылардын Эл аралык күнү аталышында жарыяланган.

Кыргызстандагы эмгекке жөндөмдүү жаш курактан улуу адамдардын саны 2016-жылдын башына карата 426 миң адамды же калктын жалпы санынын 7,1 пайызын түздү: эркектердин арасында - 4,3 пайыз, аялдардын арасында – 9,8 пайыз. Бул жаш курактык топтогу аялдардын санынын эркектердин санына караганда жогорулашы 168 миң адамга же 2,3 эсеге көп.

ата, апаЭмгекке жөндөмдүү жаш курактан улуу адамдардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, анткени алардын жашоо узактыгы эркектерге караганда узак. Учурдагы 60 жаштагы аялдар дагы 20 жыл, ал эми эркектер 15 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ. Жашоо узактыгындагы ажырым жыныстардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктары менен байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсеге жогору. Мындан сырткары аялдардын пенсиялык жаш курагы эркектердин жаш курагынан беш жылга эрте (эркектер - 63 жаш, аялдар -  58 жаш).

БУУнун классификациясына ылайык эгерде калктын жалпы санындагы 65 жаштан жана андан улуу адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо анда өлкөнүн мындай калкы жаш,  эгерде интервал 4төн 7ге чейинки пайызда болсо - калк улгайып  бара жаткан, эгерде 7 пайыздан ашса, өлкөнүн калкы улгайган калк болуп саналат.

 2016-жылдын башына карата кыргызстандыктардын 265 миңге жакыны же 4,3 пайызы 65 жаш жана андан улуу жаш курактагы адамдар болушту, бул башка өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөн бир кыйла төмөн (мисалы, 2015-ж. башына карата Казакстан - 7 пайызга жакын, Молдова – 10 пайыз, Россия - 13 пайыз, Украина -16 пайызга жакын). Кыргызстан боюнча айтсак, мында улгаюу процесси болжолдуу түрдө 2030-жылдары пайда болот. Бул жылдары улгайган адамдардын саны дээрлик эки эсе көбөйөт.

Ошентип, Кыргызстан азыркы учурда демографиялык улгаюу процессине кабыла элек. Бирок бул улгайган адамдардын арасында социалдык көйгөйлөр жок дегенди билдирбейт. Бул жаш курактагы калктын эң көп үлүшү Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында жашашат.

 

2016-жылдагы жынысы боюнча 65 жаш жана андан улуу курактагы Кыргыз Республикасындагы туруктуу калтын саны

 

(жылдын башына карата баало, адам)

 

 

 

 

 

 

Экөө тең

Эркектер

Аялдар

Калктын жалпы санындагы 65 жаш жана андан улуу курактагы адамдардын салыштырма салмагы, пайыз

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы

265 278

104 414

160 864

4,4

Баткен облусу

18 042

8 092

9 950

3,7

Жалал-Абад облусу

38 822

16 354

22 468

3,4

Ысык-Көл облусу

24 461

9 222

15 239

5,2

Нарын облусу

13 608

5 617

7 991

4,9

Ош облусу

44 277

19 217

25 060

3,5

Талас облусу

10 774

4 412

6 362

4,3

Чүй облусу

52 389

19 768

32 621

5,9

Бишкек ш.

53 176

17 863

35 313

5,5

Ош ш.

9 729

3 869

5 860

3,5

           

 

2015-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун пенсиялык органдарында жана башка министрликтерде жана ведомстволордо каттоодо турган пенсия алуучулардын саны 647 миң адамды түзгөн. Беш жылдык мезгилде бул көрсөткүч 9 пайызга көбөйгөн.                                        

Акыркы беш жыл аралыгында Кыргызстандын калкынын жалпы санындагы пенсионерлердин үлүшү орточо эсеп менен 11 пайызды түзгөн.

Жаш курагы боюнча пенсияга чыккан пенсионерлердин санынын 16 пайызынан көбүн мурун белгиленген мөөнөттө (жеңилдетилген негизде) пенсияга чыккан адамдар түзөт. Жеңилдетилген шарттарда жаш курагы боюнча пенсия алууга эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор жумуштарда иштеген; Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан; гипофизардык нанизм менен ооруган (лилипуттар); бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдардын; беш жана андан көп бала төрөгөн, аларды сегиз жашка чейин тарбиялаган аялдардын; кичинекей кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген, аларды сегиз жашка чейин тарбиялаган адамдардын энелеринин укугу бар.

 

Пенсиялык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү

 

2011

2012

2013

2014

2015

 

 

 

 

 

 

Пенсия алуучулардын саны - бардыгы (жылдын аягына карата):
   миң адам

594

613

625

634

647

   мурунку жылга карата пайыз менен

103,3

103,2

102,0

101,4

102,1

Калктын 1000ине туура келген пенсионерлердин саны, адам

107

113

108

108

107

Бир пенсионерге туура келген экономикада иштегендердин саны, адам

3,8

3,7

3,6

3,6

3,6

Компенсациялык төлөмдөрдү эсепке алуу менен белгиленген айлык пенсиянын өлчөмү (жылдын аягына карата):

 

 

 

 

 

    сом

3853,0

4274,1

4507,6

4710,4

4895,8

    мурунку жылга карата пайыз менен

133,5

110,9

105,5

104,5

103,9

Пенсионердин жашоо минимуму,

 

 

 

 

 

    сом

3932,23

3858,28

4096,99

4434,36

4637,23

    мурунку жылга карата пайыз менен

125,0

98,1

106,2

108,2

104,6

Белгиленген айлык пенсиянын орточо өлчөмүнүн
  пенсионердин жашоо минимуму менен катышы

 

 

 

 

 

пайыз менен:

98,0

110,8

110,0

106,2

105,6

  эсептелген эмгек акынын орточо өлчөмү менен катышы

40,1

39,8

39,7

37,9

36,9

Белгиленген айлык пенсиянын реалдуу өлчөмү,
 мурунку жылга карата пайыз менен

126,9

103,7

101,6

93,1

100,8

 

 

 

 

 

 

 

Пенсия алуучулардын саны,

(миң адам)

Дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү,

(сом)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун маалыматтары боюнча 2015-жылдын аягына карата жаш курагы боюнча пенсионерлердин жалпы санындагы иштеген пенсионерлердин үлүшү дээрлик 10 пайызды түзгөн.

2015-жылдын аягына карата электр энергияга болгон компенсациялык төлөмдөрдү эсепке алуу менен белгиленген айлык пенсиянын өлчөмү 4896 сомду же пенсионердин жашоо минимумунун 105 пайызын түздү, ошол эле убакта 2011-жылдагыдай эле бул катыш 98 пайызга жакынын түзгөн.

Демографиялык статистика бөлүмү  |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

Социалдык статистика бөлүмү   |e-mail:j.rahmanova@stat.kg, e-mail: social-nsc@mail.ru|
тел.+996(312) 664042

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:41