“Кыргыз Республикасында эл каттоо” боюнча расмий маалыматтарды социалдык тармактардан билүүгө болот

Басылмалардын датасы: 21.11.2019


Улутстатком 2019-жылдын сентябрынан тартып социалдык тармактарда  “Эл каттоо 2020” расмий баракчалары аркылуу Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө маалыматтарды жайгаштырып баштайт. 

Биздин хештегдер:  #ЭлКаттоо2020, #ПереписьвКР2020

2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өлкөбүздө эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүлөт. Бул улуттук масштабдагы окуя болуп саналат жана азыркы ага даярдыктар толугу менен жүрүп жатат. Биздин баракчалардан сиз бул иш-чаранын этаптары жана нюанстары тууралуу маалыматтарды таба аласыздар. Бул баракчаларда эл каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу иштер толук чагылдырылып турат, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган бардык чечимдер жөнүндө толук маалымат басылып чыгат. Сиздер эл каттоону өткөрүү боюнча   техникалык жактан даярдыктар, иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалыматтарды ыкчам биле аласыздар, сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп алсаңыздар болот.

Маалыматтык кампания Россия Федерациясынын финансылык жардамы менен Кыргыз Республикасында Калк жайгашуусу жаатында БУУ Фонду тарабынан ишке ашырыла турган “Кыргызстат: Калк статистикасын жүргүзүү, талдоо жана жайылтуу үчүн  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн жана колдоого алынган.

 

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү       e-mail: r.chynybaeva@stat.kg         тел. + 996 (312) 32 53 36

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчү жабдыктарда таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 21.11.2019, 10:37