2023-жылы берилген микрокредиттердин жарымына жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды

Басылмалардын датасы: 28.03.2024


2023-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы дээрлик 51 млрд. сомду түздү, мында алуучулардын саны 740 миң адамга жакын болду. Микрокредиттерди алган калктын саны 2022-жылга салыштырганда 10%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29,5%га көбөйгөн.

Калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (10 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19,8%ы), Ош облусунун (8,5 млрд. сом же 16,7%), Чүй (8,2 млрд. сом же 16%) жана Жалал-Абад облустарынын (7,8 млрд. сом же 15,5%) алуучуларына берилген.

2023-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%ы керектөө муктаждыктарына, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 5,5%ы курулушка багытталды.

Алуу максаттары боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 28.03.2024, 14:47