“Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн мониторинги” статистикалык жыйнагы кыргыз тилинде жарык көрдү

Басылмалардын датасы: 22.10.2020


Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын туруктуу координаторунун кеңсесинин колдоосу жана  БУУнун Балдар фондунун финансылык жана техникалык колдоосу менен биргеликте Улуттук статистика комитети тарабынан “Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн мониторинги” статистикалык жыйнагынын биринчи чыгарылышы даярдалды.

Бул жыйнакта бардык жеткиликтүү көрсөткүчтөр боюнча Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча маалыматтар, анын ичинде 100 ашык глобалдуу жана улуттук көрсөткүчтөр үчүн убактылуу катарлардын  жетишүү прогресси берилди, бул тереңдетилген социалдык-экономикалык жана экологиялык тенденцияларын талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ушул басылманын максаты биздин өлкөдөгү учурдагы абал жана туруктуу өнүгүү прогресси жөнүндө коомчулукка маалымдоо, ошондой эле ТӨМдү иштетүүдө ийгиликке жетүү үчүн мындан аркы кадамдарды аныктоого көмөктөшүү болуп саналат.

Сиздердин назарыңыздарга сунушталган басылма ТӨМдүн  мониторинги, айрым көрсөткүчтөрдүн мүнөздөмөлөрү жана  тийиштүү метамаалыматтар жана бөлүштүрүлгөн маалыматтар менен болгон прогресстин кыскача обзору жөнүндө толук маалыматты камтыйт. Бул басылма көңүл буруу керек болгон негизги багыттарды аныктоо, негизделген саясаттык жана  башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик башкаруу кызматкерлерине абдан пайдалуу болот.

Жыйнактагы маалыматтар акыркы беш жыл үчүн келтирилди, ал эми тенденцияларды талдоо үчүн 2010-жылдын маалыматтары дагы берилди.

Басылма Улутстаткомдун www.stat.kg дареги боюнча расмий сайтында «Туруктуу өнүгүү максаттары» бөлүмүндө жайгаштырылды.

Маалымат үчүн:

Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттар кедей, бай жана орто өнүккөн бардык өлкөлөрдөн чыккан иш алып барууга өзүнчө бир чакырык болуп саналат. Ал планетабыздын жыргалчылыгын жакшыртууга жана коргоого багытталган. Мамлекеттер кедейчиликти жоюу боюнча иш-чаралар экономикалык өсүштү күчөтүүгө жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө багытталган аракеттер менен катар эле кабыл алынышы керектигин түшүнүшөт.

БУУнун башка өлкөлөрү сыяктуу эле, Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын туруктуу өнүгүү боюнча саммитинде глобалдык ТӨМгө жетишүү боюнча милдеттенмелерине, ошондой эле ТӨМдүн мониторинг индикаторлоруна ылайык, 2016-жылдан тартып Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүүгө умтулат.

ТӨМдүн көрсөткүчтөрү боюнча кененирээк маалыматты ТӨМдүн отчеттуулук платформасынан төмөнкү дарек боюнча табууга болот: https://sustainabledevelopment-kyrgyzstan.github.io/.

“Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн мониторинги” жыйнагы.pdf

 

________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail: sdg_nsc@stat.kg;

|тел. + 996 (312) 324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.10.2020, 15:23