Отмечалось увеличение объема инвестиций в основной капитал

Басылмалардын датасы: 14.10.2015


Негизги капиталга өздөштүрүлгөн  инвестициянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 64,3 млрд. сомду түзүп 4,5 пайызга өстү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 9,8 пайызга (анын ичинен банктын насыясынын эсебинен – 2,3 эсеге, жергиликтүү бюджеттин эсебинен – 2,0 эсеге, республикалык бюджеттин эсебинен – 1,7 эсеге, калктын каражатынын эсебинен – 1,3 эсеге) өстү, тышкы булактардын эсебинен тескерисинче 9,7 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмдүн 73 пайызы) пайдалуу кендерди казуу объекттерине, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) объекттерине жана турак жай курулушуна багытталган.

Турак жайдын 773,3 миң чарчы метри, анын ичинде – 552,6 миң жеке турак жайга пайдаланууга берилди. Жалпы билим берүүчү 1598 окуучу орундуу мектеп, 185 орундуу мектепке чейинки мекемелер, 337 кезметине келүүчү амбулатордук – бейтапканалык мекеме, ошондой эле 201 койкалуу оорукана ишке киргизилди.

_________________________________________________________________________________________________

 

Курулуш жана инвестиция      |     e-mail:birukova@stat.kg;     |      тел. + 996 (312) 324642

       статистикасы бөлүмү

 

Статистикалыкмаалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 14.10.2015, 17:02