2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо: алтынчы күн

Басылмалардын датасы: 30.03.2022


Кыргызстанда 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо уланууда.

Тургундарга эл жана турак жай фондун каттоого катышуу милдеттүү экендиги жана каттоодон өтө турган жарандар «Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, каттоо документтеринде камтылган суроолорго талап кылынган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга болбой тургандыгы эскертилди. Ошол эле убакта кыргызстандыктарга каттоо убагында алынган жеке маалыматтардын купуялуулугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экендиги түшүндүрүлдү. Бардык маалыматтар топтолгон, жыйынтыкталган түрдө гана пайдаланылат. 

Натыйжада борбор шаардын жашоочуларынын каттоого катышуусу активдешти. Өлкөнүн региондорунда эл каттоо штаттык режимде жүрүүдө.  

Эскерте кетсек, 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин уланат. Улутстатком тарабынан уюштурулган «ишеним телефону» (1216) өз ишин улантууда.

Эл каттоонун жүрүшү төмөнкү социалдык түйүндөрдө чагылдырылууда: Инстаграм: elkattoo.kg, Facebook: Эл каттоо 2022, Telegram:  Эл каттоо-2022.

           

 


Акыркы жаңылоо: 31.03.2022, 08:54