2017-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 4,5 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 15.01.2018


Бүгүн, 12-январда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-декабрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-декабрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, ө.ж. январ-декабрында ички дүң продукт алдын-ала баалоо боюнча 493 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу  4,5 пайызга өскөнүн маалымдады.

 “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2017-жылдын январ-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү 445 миллиард сомдон ашып, 4,5 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылы 231 миллиард сомдон ашты жана мурунку жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга жогорулады.

Өткөн жылы өнөр-жай продукциясынын көлөмдөрүнүн өсүшү, кымбат баалуу металлдарды, тазаланган мунайзаттарды, тамак-аш продуктуларын, суусундуктарды жана тамеки өндүрүүнүн жана металл эмес, резиналык жана пластмассалык  буюмдарды чыгаруунун эсебинен камсыздалды.

Керектөө бааларына жана тарифтери, 2017-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 3,7 пайызды түздү, ал эми 2016-жылы керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү 0,5 пайызга белгиленген.

2017-жылы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) баалар олуттуу  тамекиге (24,1 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө (6,9 пайызга) жогорулады. Азык-түлүк эмес товарлардын керектөө бааларынын деңгээли 2016-жылдын декабрына салыштырмалуу 3,2 пайызга, тамак-аш азыктар жана алкоголсуз суусундуктар - 2,7 пайызга жогорулады, ал эми алкоголдук ичимдиктердин баалары, тескерисинче, 2,7 пайызга төмөндөдү.

Баалардын эң көп өсүүсү Ош облусунда 11,1 пайызга, ал эми, эң аз өсүүсү  Бишкек шаарында 2,3 пайызга катталган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Маселен, алдын ала маалыматтар боюнча 2017-жылдын январ-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 миллиард АКШ долларына жакынды түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга жогорулады. Ошону менен бирге, экспорт 12,8 пайызга, ал эми импорт 10,2 пайызга жогорулаган.

Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова 2017-жылы керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүгө баалардын жана тарифтердин өзгөрүү тенденциялары жөнүндө маалымат берди.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб 2017-жылы Кыргыз Республикасынын жашоо тиричилик минимуму жөнүндө маалымат берди.

2017-жылдын IV кварталындагы жашоо минимумунун чоңдугу мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга жана мурунку кварталга карата – 0,2 пайызга төмөндөө менен 4864,42 сомду түздү.

Жашоо минимумунун орточо жылдык эсеби 2017-ж. 4900,79 сомду түзүп, 2016-ж. салыштырмалуу 2,2 пайызга өстү.

Презентациялар:

 


Акыркы жаңылоо: 16.01.2018, 11:39