2020-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн экономикасы 8,6 пайызга төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 14.01.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 14-январында, Улутстакомдо 2020-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын болуп өттү.

2020-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 598 миллиард сомдон ашып,  2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-декабрь айларында ИДПнын көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 319 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,6 пайызга төмөндөдү, буга күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы, текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз), резина жана пластмассадан жазалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз), азык-түлүк өндүрүү  (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,6 пайыз), темир жана темирден жазалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (4,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 15,9 пайызга жакын кыскарды,  дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-ноябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 9,7 пайызды түздү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 17,6 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 6,7 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 3,0 пайызга өскөнү байкалды. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 2,4 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (11,8 пайыз). Буга тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын (23,5 пайыз) өскөнү таасирин берди.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январь-декабрында 5,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга төмөндөдү. Ошол эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 27,3 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-декабрында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  2,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга азайган.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр – 13,5 пайызга, импорттук келип түшүүлөр - 14,2 пайызга төмөндөдү. Республиканын  ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,0 пайызы) жана Казакстанга (34,0 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Импорт                                                                                                    Экспорт

Маалымат-жыйынды Улутстаткомдун Facebook баракчасындагы түз эфирин көрүү 

Презентация: 2020-жылы баалардын жана тарифтердин өзгөрүүсү

Презентация: 2020-жылдагы жашоо минимуму



Акыркы жаңылоо: 01.02.2021, 10:04