Үстүбүздөгү жылдын январь-июнундагы жыйынтыгы боюнча экономикадагы өсүү тенденциясы байкалды

Басылмалардын датасы: 12.07.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукт алдына ала баалоо боюнча 335 миллиарддан ашык  сомду түздү жана 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 6,3 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 309 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,9 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-июнь  айларында 191 миллиарддын тегерегиндеги сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 14,1 пайызга жогорулады, буга себеп жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (32,5 пайызга), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо (35,1 пайызга), мунай заттардын (15,8 пайызга), ), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (12,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (9,4 пайызга)  өсүшү таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 3,4 пайызга, айыл чарбасында - 2,0 пайызга, дүң жана чекене соода – 10,0 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,1 пайызды түздү. Муну менен бирге азык - түлүк эмес товарларга баалар 5,1 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 12,5 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 11,8 пайызга өсүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 3,8 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда белгиленди. Муну менен бирге баалардын (12,4 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленди. Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү (24,2 пайызга) болду.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-май айларында 1,5 млрд.дан ашык АКШ долларды түздү жана 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 45,0 пайызга көбөйдү, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 4,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,6 эсе жогорулады.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-майында 1,5 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-майына салыштырганда 21,2 пайызга өстү. Муну менен бирге  экспорттук жөнөтүүлөр 49,7 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 12,8 пайызга жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-май айларында Орусияга (68,6 пайызга) жана Казакстанга (29,3 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт               

Экспорт

__________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Акыркы жаңылоо: 12.07.2022, 13:20