2017-жылдын январ-февралынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 5,4 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 10.03.2017


Бүгүн, 10-мартта Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январ-февралындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай ички дүң продукт ушул жылдын январь-февралында, алдын-ала баалоо боюнча, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 52 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда 5,4 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 47  миллиард сомдон ашып, 3,6 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-февралында 29 миллиард сомдон ашуунду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 22,9 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшунун көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды (21,9 пайызга).

Ошондой эле металл рудаларын жана тазаланган мунайзаттарды өндүрүү менен камсыздалды (5,2 пайызга).  Тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн өсүшү (38,4 пайызга), негизинен,  кумшекер чыгаруунун эсебинен камсыздалды (мурунку жылдын январ-февралында кумшекер чыгарылбаган). Текстиль өндүрүшүнун көлөмдөрүнүн өсүшү 29,0 пайызды туздү, өсүү пахта кебезин өндүрүүнүн өсүшүнө байланыштуу болду. Кийим – кече өндүрүү 4,3 пайызга өстү. Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 12,4 пайызга өстү.

2017-жылдын январ-февралында мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  1,5 пайызды түздү. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын январ-февралында баалардын жана тарифтердин өсүүсү республика боюнча 0,6 пайызды түздү.

Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (2,2 пайызга) жогорулаган, негизинен, жаңы бышкан жашылчаларга 23,6 пайызга өскөн.

Баалардын жана тарифтердин тамеки заттарына 12,4 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө – 1,9 пайызга өскөндүгү байкалган.

2017-жылдын январ-февралында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин (2,8 пайызга) өсүшү Ош шаарында байкалды. Мында башка региондорго салыштырганда  азык түлүк товарлардын жана алкоголсуз суусундуктар 3,6 пайызга, азык түлүк эмес товарларга 0,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына 8,0 пайызга өскөн. Кызмат көрсөтүүгө тарифтер Бишкекте – 2,2 пайызга өскөн.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Венера Исманова 2016-жылдагы Кыргыз Республикасында айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз Республикасында 2016-жылы январь-декабрда айыл чарбасынын жалпы продукциясы, мал чарба продукциясын өндүрүүнун жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясиясынын өсүүсү менен камсыздалган.

үыпайызды туздү.кызылчасы - 2,,- 32,кциясын өндүрүүнүн жалпы колөмүндө, дандын үлүштүк салмагы 18,6 пайызды, картофель өндүрүү -Соода статистикасы башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева пресс-конференциянын катышуучуларына 2016-жылдагы тышкы жана өз-ара сооданын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Алдын ала баалоолор боюнча, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын товарлары менен тышкы соода жүгүртүү 2015-жылга салытырганда 4 пайызга азайган. Мунун ичинде экспорттун көлөмдөрү өссө, импорт, тескерисинче, төмөндөгөн.

ЕАЭСке мучө-мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2016-жылы январь-декабрда, 2015-жылдын январь-декабрына салыштырганда 19 пайызга кыскарган. ЕАЭСке мучө-мамлекеттер менен өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россияга (53 пайыздан көбүрөөк) жана Казахстанга (44 пайыздан көбүрөөк) туура келген.

Соода статистикасы башкармалыгынын керектөө рыногунун статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгуль Супатаева 2016-жылда Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө маалымат берди.

Туризмди өнүктүрүүнүн негизги индикатору, туризм чөйрөсүндө тузүлгөн - Жалпы кошулган нарк болуп эсептелет, ал 2016-жылы алдын ала баалоолор боюнча 21 миллиард сомго жакынды түздү же Ички дүң продуктыга 4,7 пайызды түздү (2015-жылы – 4,7 пайыз).

Презентациялар:

ъ

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 10.03.2017, 14:49