«Кыргыз Республикасындагы баалар» басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 28.03.2024


«Кыргыз Республикасындагы баалар» статистикалык жыйнагы 2019-2023-жж. керектөө рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын жана тарифтеринин деңгээли менен өзгөрүүсүн мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөрү, өнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жана сатып өткөрүлгөн айыл чарба продукцияларынын бааларынын индекси, байланыш жана жүк ташуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин индекси жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Маалыматтар жалпы республика жана анын региондору боюнча берилди.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү керектөө бааларындагы жана экономиканын реалдуу секторундагы өзгөрүүлөр чагылдырылган.

Бийлик жана башкаруу органдарынын кызматкерлери, экономисттер, статистиктер жана башка категориядагы колдонуучулар үчүн басылып чыгарылды.


Акыркы жаңылоо: 28.03.2024, 14:53