« 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы жөнүндө» статистикалык бюллетень басмага даярдалды

Басылмалардын датасы: 15.07.2022


«2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы жөнүндө» статистикалык бюллетень басмага даярдалды.

Бюллетенде 2021-жылга салыштырмалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты, күздүк айдоо жана пайдаланбаган айдоо жерлери боюнча маалыматтар камтылган. Көрсөткүчтөр жалпы республика боюнча, ошондой эле региондор, анын ичинде райондор боюнча да келтирилди.

Басылманы даярдоодо айыл чарба статистикасы боюнча расмий статистикалык отчеттуулуктун формаларынын негизинде, аймактыктык статистика органдарына юридикалык, жеке жактардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтар пайдаланылган.

Бюллетень Улутстаткомдун http://www. stat.kg.  расмий сайтына жайгаштырылган.

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43, 32 46 21

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.07.2022, 15:14