«Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына 30 жыл» юбилейлик статистикалык жыйнак басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 19.08.2021


Жыйнакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгил ичинде (1991-2020) социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө статистикалык маалыматтар берилди.

Кыскача тарыхый маалымдар, ошондой эле жеке географиялык көрсөткүчтөрдү, жаратылыш ресурстарын жана айлана -чөйрөнү мүнөздөөчү маалыматтар жайгаштырылды. Мамлекеттик түзүлүш, калк жана анын иш менен камсыздалышы, ошондой эле жашоо деңгээли, маданият жана искусство, туризм жана спорт жөнүндө маалымат берилди.

Өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, телекоммуникация ишмердиги жана башка тармактардын абалын жана өнүгүүсүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөр келтирилди.

Мамлекеттик каржылар, тышкы экономикалык ишмердиктин өнүгүшү, баалар жана тарифтер жөнүндө маалымдар жайгаштырылды.

Жыйнактын электрондук версиясын Улутстаткомдун расмий сайтынан (www.stat.kg) “Басылмалар” бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.


Акыркы жаңылоо: 20.08.2021, 10:54