"Статистика карталарда" статистикалык буклети даярдалды

Басылмалардын датасы: 16.12.2022


Буклет республиканын жана региондордун калктын миграциясы, кедейчилик деңгээли, эмгек акы, тамак-аш азыктарына баалар жана башкалар жөнүндө маалыматтарды мүнөздөөчү айрым социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камтыйт.

Маалыматтарды даярдоодо карталарды жана графикалык сүрөттөрдү аткаруунун геомейкиндиктик дизайны, ошондой эле аларга аналитикалык комментарий колдонулган.

Буклеттеги маалыматтар 2021-жылга берилген.

Буклеттин электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий сайтында "басылмалар" бөлүмүндө жеткиликтүү (www.stat.kg).

Статистикалык каттоолор жана ГИС бөлүмү r.chynybaeva@stat.kg тел. + 996 (312) 325336


Акыркы жаңылоо: 16.12.2022, 13:03