2023-жылдын III кварталындагы «Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень» статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 18.12.2023


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2023-жылдын III кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алганда азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын сереби, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2023-жылдын январь-июнундагы 5 016 үй чарбаларынын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылма» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

Үй чарба статистикасы | e-mail: tmambetaliev@stat.kg; |   тел. + 996 (312) 32465

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда   пайдалануучулардын булагына таянууга милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.12.2023, 15:09