Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун Өкүлчүлүгүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча МЕМОРАНДУМга кол коюлду

Басылмалардын датасы: 23.12.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 23-декабрында “2022-жылга карата көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө (КККИ)” долбоорун жүзөөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун Өкүлчүлүгүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча Меморандумга кол кою иш-чарасы болуп өттү. Меморандумга Кыргыз Республикасынын Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Кристин Жольм кол коюшту.

Меморандум өзүнө жогоруда белгиленген долбоорду  ишке ашыруудагы Тараптардын принципиалдык багыттар боюнча кызматташуусун жөнгө сала турган жобо менен шарттарды камтыйт.

       

       

       

       

 


Акыркы жаңылоо: 24.12.2021, 13:52