Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Кавамото Хиройуки мырза Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго сылыктык сапары менен келди

Басылмалардын датасы: 21.04.2022


Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA)   туруктуу өкүлү Кавамото Хиройуки мырза Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго сылыктык сапары менен келди.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Кавамото Хироюки мырзаны Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин башчысы болуп дайындалгандыгы менен куттуктап, ага жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө статистика чөйрөсүндө, атап айтканда Жапониянын статистика бюросу менен кызматташтыкты орнотууга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) мамлекеттик  кызматчылардын "кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү долбоору боюнча жапон гранттык жардам программасына (мамлекеттик кызматкерлерди окутуу программасы)" жана Жапониянын алдыңкы университеттеринде магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүнө катышуу жолу менен Кыргыз Республикасынын кадрдык потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, JDS программасы (мамлекеттик кызматкерлерди окутуу программасы) аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери Жапониянын алдыңкы жогорку окуу жайларында да окуудан өтүшүп, квалификацияларын жогорулатып келишти.

         

         

         

 

 


Акыркы жаңылоо: 21.04.2022, 17:32