2020-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү 30 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 10.03.2022


Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылы тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүү агымы 2020-жылга салыштырмалуу 29,9%  көбөйдү жана 698 млн АКШ долларын түздү. Муну менен бирге,  келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 247,5 млн. долларга ашты.

Өткөн жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк  инвестициялардын түзүмүндө резидент эместерден алынган кредиттерди жана башка кредитордук карыздарды кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн келип түшүү агымынын көбөйгөндүгү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

537,6

698,4

100

100

Менчик капитал

14,0

61,8

2,6

8,9

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

289,4

399,6

53,8

57,2

Башка инвестициялар

234,2

237,0

43,6

33,9

Анын ичинде: резидент эместерден алынган кредиттер

207,7

147,7

38,7

21,1

соода кредиттери

23,9

89,3

4,4

12,8

башка кредитордук карыз

2,6

0,0

0,5

0,0

Башка милдеттенмелер

-

0,0

-

0,0

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97% жакыны) иштетүү өндүрүш, геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу,  финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталды.

Геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү – 2,7 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларга – 1,6 эсеге, маалымат жана байланышка – 20,2%, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 19,0%, пайдалуу кендерди казууга – 14,3%, иштетүү өндүрүштөрүнүн- 7,2% көбөйдү, ошол эле убакта курулуш чөйрөсүнө инвестициялар – 4,3 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылга салыштырмалуу 8,7% көбөйдү, бул негизинен, алардын Германиядан 8,4 эсеге (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Түркиядан – 4,2 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага), Улуу Британиядан – 2,0 эсеге (геологиялык чалгындоого), Кипрден – 2,6 эсеге  (иштетүү өндүрүшү), Кытайдан – 1,7 эсеге (геологиялык чалгындоо, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (33,4%), Түркияга (14,7%), Нидерландга (8,0%), Улуу Британияга (7,6%), жана Германияга (4,4%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 3,4 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Беларусиядан (дүң жана чекене соода ишканаларына) 9,3 эсеге,  Россиядан (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), курулуш, дүң жана чекене соодага) 9,0 эсеге, Азербайжандан (саламаттыкты сактоого) 1,9 эсеге жана  Казакстандан (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу)  27,7%  алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу Ош облусунун – 6,4 эсеге, Ош ш. – 4,4 эсеге, Жалал-Абад облусунун – 2,3 эсеге, Талас облусунун – 2,2 эсеге, Чүй облусунун  – 1,8 эсеге жана Бишкек шаарынын ишканаларына – 1,4 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар Ысык-Көл облусунда – 38,0 эсеге, Баткенде – 9,0 эсеге төмөндөдү. 

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  жалпы көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 34% жакыны, Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 26% ашыгы, Чүй облусунун ишканаларына - 25% ашыгы, ошондой эле Талас облусунун – 12% жакыны туура келди.

2021-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы  2020-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге кыскарды жана 450,9 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2020-жылга салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдөн чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди, менчик капиталдын төлөмдөрүн кошпогондо, чыгып кетүү 39% көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

939,1

450,9

100

100

Менчик капитал

41,8

58,1

4,4

12,9

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

411,0

236,9

43,8

52,5

Башка инвестициялар

486,3

155,9

51,8

34,6

Анын ичинде: резидент эместерден алынган кредиттер

380,7

131,8

40,6

29,2

соода кредиттери

105,2

24,1

11,2

5,4

башка кредитордук карыз

0,4

0,0

0,0

0,0

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы  (87% жакыны) иштетүү өндүрүшү, геологиялык чалгындоо, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо ишканаларына, ошондой эле  дүң жана чекене соода ишканаларында байкалды.

Инвестициялардын чыгып кетүү агымы курулуш ишканаларынан   - 12,4 эсеге,  пайдалуу кендерди казуу ишканаларынан – 7,2 эсеге, маалымат жана байланыш – 4,8 эсеге,  геологиялык чалгындоо – 3,5 эсеге, дүң жана чекене соода – 21%, иштетүү өндүрүшүнөн 3,7% төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2020-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге төмөндөдү, бул негизинен, алардын Корея Республикасына 24,0 эсеге, Германияга – 14,6 эсеге, Швейцарияга – 5,4 эсеге, Кытайга – 4,1 эсеге, Улуу Британияга – 3,8 эсеге жана Түркияга – 10,3% кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын Канадага чыгып кетүү агымы -  19,2 эсеге,  Нидерландга – 3,9 эсеге көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (31,8%), Канадага (27,3%), Түркияга (9,1%) жана Улуу Британияга (4,6%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 1,5 эсеге төмөндөдү, бул инвестициялардын Казакстанга (2,4 эсеге) жана Россияга (26,3%) кыскарышынын эсебинен болду.

2020-жылга салыштырмалуу чет өлкөлүк тике инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү Ысык-Көл облустунан жана Ош шаарынан башка көпчүлүк региондордун ишканаларынан белгиленди.

Өткөн жылда чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына – 36% ашыгы, Ысык-Көл облусунун ишканаларына31% жакыны, Чүй облусунун ишканаларына – 16% ашыгы, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 15% туура келди.

_________________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.03.2022, 14:43