Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 05.03.2022


Урматтуу Сот тутумунун кызматкерлери!

Сиздерди  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Сиздерге  жүктөлгөн жогорку жана ардактуу судьялык милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен калктын адилеттүүлүккө жана мыйзамдардын сакталышына болгон үмүтүн акташыңыздарга ишенем.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана коом алдындагы жоопкерчиликти аңдап билүүңүздөр жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушуна, демократиялуу укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө, жакындарыңызга чың ден соолук, тынчтык, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана элге кызмат кылуудагы жоопкерчиликтүү ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!


Акыркы жаңылоо: 05.03.2022, 10:19