Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Улуу Жеңиш Күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 09.05.2022


Кымбаттуу Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери!

Улуу Жеңиштин майрамы менен бардыгыңыздарды куттуктайм!

Кымбаттуу биздин ардагерлер, Сиздердин дарегиңиздерге өзгөчө сый-урматка бөлөнгөн сөздөрдү айтып, терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кандуу согуш из калтырган адамдардын жүрөктөрүндөгү арман менен кайгыны адам баласы эч качан кетире албайт. Бардык муундардын адамдарынын түбөлүк эскерүүсү жана согуштун баатырларына болгон терең ыраазычылык гана сай-сөөктү сыздаткан ооруну басаңдатат. Биз ардагерлердин алдында түбөлүк карызбыз жана бул Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эч качан унутпайбыз!

Убакыттын тынымсыз өтүшү, саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр адамзаттын жаркын келечеги үчүн киндик канын аябай, кан майданда эрдик жасашкан, ошол жылдардагы оор сыноолордон башынан кечиришкен баатырлардын эрдигин даңктоого эч кандай кедергисин тийгизбейт.

Тилекке каршы, ардагерлердин көбү арабызда жок, бирок, азыркы доордун адамдары өтүп кеткен баатырлардын эрдиктерин кийинки муундарга мурас катары айтып келишүүдө.

Биздин ата-бабаларыбыз калтырып кетишкен үлгү менен өсүп келе жаткан муунду тарбиялашыбыз абзел, алардын аң-сезимдерине адам баласына керек болгон баалуулуктарды сиңиртип, Мекенге болгон сүйүү, патриоттуулук сыяктуу сапаттарды алардын жашоо образдарына калыптандыруу –учурдун катуу талабы болуп саналат. Өткөн согуштун аскерлерин эскерип жатып, азыр да биздин арабызда жүргөн ардагерлерибизди унутпоого милдеттүүбүз. Биздин эс-тутубуз туура эмес кыялдарга батып кетпей, зирек, жигердүү болууга тийиш.

Кымбаттуу Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери!

Майрамыңыздар менен! Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт таалай каалайм! Балдарыңыздардын, небере-чөбөрөңүздөрдүн бактысына көп жашаңыздар!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ар дайым асманыбыз ачык, кут даарыган жерибизде тынчтык, бейпилдик жана ынтымак өкүм сүрүшсүн!

Улуу Жеңиш Күнүңүздөр куттуу болсун!


Акыркы жаңылоо: 09.05.2022, 09:24