Конституция Күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 05.05.2022


Урматтуу мекендештер!
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Конституция Күнү менен куттуктайм!
Конституция – республикабыздын стабилдүүлүгүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн кепили болуп саналып, мамлекеттик институттардын эффективдүү ишмердүүлүгүн камсыздайт. Баш мыйзамдын 29 жылдык өмүрү – демократия жана адамдын негизги укуктары бийик болгон укуктук мамлекеттин бекемделишине кеткен аракеттер жана тынымсыз изденүүлөр менен өтүп жатат.
Туура бир жыл мурда элибиздин кызыкчылыгы менен өлкөбүздүн мындан аркы эффективдүү өнүгүүшүнө өбөлгө боло турган Конституциябыздын жаңы редакциясы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарыбызды жана конституциялык принциптерди көзүбүздүн карегиндей сактоо жана барктоо, анын негизинде демократиялык укуктук мамлекетти куруу, элибиздин биримдигин бекемдөө – ар бирибиздин атуулдук милдетибиз.
Сиздерге бекем ден соолук, бейпилдик, тынчтык жана ынтымак каалайм! Мекенибиздин өнүгүүсү үчүн талыкпаган эмгегиңиздерде ийгиликтер болсун!
 
Урматтоо менен,
Б.Ж.Кудайбергенов

Акыркы жаңылоо: 05.05.2022, 12:40