Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын Конституция күнү менен куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 05.05.2023


Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Конституция күнү менен куттуктайм.
Баш Мыйзамдын отуз жылдык юбилейи – бул Ата Мекенибиздин тарыхындагы маанилүү этап. Кыргыз Республикасынын Конституциясы туруктуулуктун, туруктуу өнүгүүнүн жана мамлекеттик институтуттардын натыйжалуу иш алып баруусунун гаранты болуп саналат. Бул күнү демократия менен негизги укукка артыкчылык берилген укуктук мамлекетти чыңдоого багытталган тынымсыз изденүүлөрдү жана күч-аракеттерди эстейбиз.  
Жалпыбыздын атуулдук милдетибиз - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди сыйлоо жана сактоо, алардын негизинде демократиялык укуктук мамлекетти куруу, өнүгүүнүн негизи катары элдин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө.
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана ынтымак-ырашкерчилик каалайм. Ишиңиздер ар дайым ийгиликтүү болуп, Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө салым кошо берсин.

 


Акыркы жаңылоо: 04.05.2023, 17:05