Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов: “Нооруз – аруулуктун, тазалануунун жана жаңылануунун улуу майрамы!”

Басылмалардын датасы: 21.03.2022


Урматтуу мекендештер!

Жалпыңыздарды Нооруз майрамы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Нооруз – байыркы доорлордон берки ата-бабаларыбыздан сакталып, баркталып келе жаткан, өзүнө аруулукту, тазаланууну жана жаңыланууну камтыган улуу майрам. Бул маалда күн менен түн теңелип, караңгылыкты жарыктык жеңген мезгил. Эзелтеден биздин ата-бабаларыбыз жаздын символу болгон Нооруз майрамын чоң үмүт жана аруу-тилек менен күтүп келген.

Нооруз майрамында ар бир мекендешимдин тилеген  ой-максаттарынын орундалышына тилектешмин.

Бардыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайм! Мекенибиз Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун!

Урматтоо менен,

Б. Ж. Кудайбергенов


Акыркы жаңылоо: 21.03.2022, 10:30