ПРЕСС-АНОНС: 2022-жылдын январь-августундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө

Басылмалардын датасы: 09.09.2022


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери иш-чаранын катышуучулары менен 2022-жылдын январь-августундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат беришет, ошондой эле өлкөбүздө өткөрүлгөн эл жана турак-жай фондун каттоосунун алдын ала жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун 2021-жылдагы абалы жөнүндө жана 2021-жылдагы менен үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгы боюнча статистикалык маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Өткөрүү убактысы: 2022-жылдын 12-сентябрында саат 10.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Жумалиев Зайнидин Калидинович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын орун басары;
  • Жайлобаева Гүлнара Жылкычиевна – КР Улутстаткомдун эмгек жана жумуш менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Текеева Люксина Айгуфовна – КР Улутстаткомдун соода, МБТ жана туризм статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Чыныбаева Римма Кубанычбековна – КР Улутстаткомдун статистикалык каттоолор жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн башчысы.

Мындан тышкары, журналисттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалыматтарды же аларды кызыктырган маселелер боюнча консультацияларды ала алышат.

Интервью (зарыл болсо, көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма-сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.62-57-47, уюл: 0(700) 60-69-52 Махтумкули Макешов. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарыл болсо көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

__________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 09.09.2022, 13:56