ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө

Басылмалардын датасы: 11.12.2023


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери иш-чаранын катышуучулары менен 2022-жылдын январь-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат беришет, ички дүң продуктунун эсептөөнүн ыкмалары, , кызматкерлердин орточо айлык номиналдык эмгек акылары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Өткөрүү убактысы: 2023-жылдын 12-декабрында саат 10.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,     Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
  • Кудайбергенов Бактыбек Жапарович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • Исенкулова Эльвира Казакбаевна, КР Улутстаткомдун экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыктын начальниги;
  • Жайлобаева Гүльнара Жылкычиевнa, эмгек жана жумуш менен камсыздоо статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 11.12.2023, 18:35