Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы 1,7 эсеге өстү

Басылмалардын датасы: 19.08.2021


2021-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 602 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 564 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

2021-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйүү менен 30,5 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 20,2 млрд. сомду түздү жана 13,5%га өстү.

I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү

(млн. сом)

 

Кирешелер

Чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2020

2021

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

23 940,9

30 488,7

17 829,9

20 219,1

6 103,2

10 268,1

Банктар

19 575,7

25 096,1

14 994,7

16 416,7

4 573,8

8 678,1

Күрөөканалар

179,8

482,9

135,8

450,2

44,0

32,7

Кредиттик союздар

117,5

115,0

88,9

103,3

28,3

11,7

Микрокредиттик уюмдар

3 446,7

3 820,2

2 175,6

2 458,9

1 270,9

1 361,1

Камсыздандыруу уюмдар

593,5

947,8

417,9

772,1

175,5

175,7

Башка уюмдар

27,7

26,7

17,0

17,9

10,7

8,8

2021-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 63%ы пайда алышты, ал эми 18%ы - чыгаша алды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 10,3 млрд. сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,7 эсе көп. Пайданын өсүшү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешелеринин көбөйүшү менен шартталган.

2021-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 201,3 млрд. сомду түздү. Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86,3%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна - 13,7%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25%ы), айыл чарба (21%ы), керектөө муктаждыктары (14%ы), ипотека (9%ы) жана курулуш (8%ы) болуп саналды.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү        |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 19.08.2021, 14:29