Улутстаткомдун приоритеттүү маселеси – гендердик-бөлүнгөн статистиканы активдештирүүгө көмөктөшүү

Басылмалардын датасы: 14.12.2016


 

1991-жылдан бери Кыргызстанда аялдардарга карата зордук-зомбулукка каршы 16-күндүк кампания өткөрүлүп турат. Адатта кампания  аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук менен күрөшүүнүн Эл аралык күнү 25 - ноябрда башталып, адам укугунун Эл аралык күнү - 10-декабрда аяктайт.

Аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук мамилелери менен күрөшүүдө гендердик-бөлүнгөн статистиканы өнүктүрүү чоң таасирин тийгизет. Ушул багытты өнүктүрүү КР Улутстаткомитетинин приоритеттүү маселелеринин бири болуп эсептелет.Гендердик статистиканы алга жылдыруу менен гендердик зомбулук маселелерин толук түшүнүүгө, анын негизинде өнүгүү стратегиясынын саясий документтерин талдоого жана иштеп чыгууга жагымдуу шарттар түзүлөт.

ЮНФПАнын колдоосу менен КР Улутстаткомитети даярдап чыгарган “КР эркектери жана аялдары” аттуу гендердик-бөлүнгөн статистиканы жыйнагы КМШ аймагында эксперттердин эң жакшы баалоосуна татыктуу болду. Басылмада аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштар, үй-бүлөдөгү  зомбулук боюнча, кризистик борборлордун жана башка мекемелердин иштерин чагылдырган өзүнчө бөлүм бар. Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маалыматтарды топтоо иштерин Улутстаткомитети, ИИМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги,  КР Сот департаменти, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана зордук-зомбулуктан жабыркаган адамдарды колдогон адистештирилген социалдык кызматтар (кризистик борборлор, аксакалдар соту, калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү борборлор) алып жүрүшөт.

2015-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркаган аялдардын саны

(кайрылгандардын жалпы санынан пайыз түрүндө)

                 

Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маалыматтар ошондой эле ай сайын чыгуучу “КРнын социалдык-экономикалык абалы” докладдарындагы “Кылмыштуулук”бөлүмүндө чагылдырылат. КР ИИМнин маалыматтары боюнча 2016-жылдын январь-ноябрь айларында үй-бүлөдөгү зомбулуктун 5627 учуру катталган, аларга 5522 убактылуу сактык ордерлери берилген. Ошону менен бирге 179 кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлгөн, ал эми 4065 адам административдик жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары Улутстаткомитети эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен бирге гендердик зомбулук, эрте үйлөнүү жана күчкө салып нике кыюу маселелерин камтыган атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Улутстаткомитети Кыргыз Республикасындагы ЮНФПА (БУУнун фонду), БУУ, Аялдар жана МОМ (миграция боюнча эл аралык уюм) уюмдары менен биргеликте 2016-жылы жүргүзгөн  “Гендер коомдун көз жаздымында” улуттук изилдөөнүн натыйжалары эрте үйлөнүү жана кыз ала качуу учурларынын көбөйгөнүн айгинелейт. Ар бир алтынчы аял (15%) жана ар бир онунчу эркек (13%) белгилегендей бойго жетпеген кыздардын никеге туруу учурлары көп байкалат. Мында эрте никелешүү (18 жашка чейин) учурлары айыл жерлеринде шаарга караганда 2,5 эсе көп кездешет (10 жана 4 пайыздан).

Расмий түрдө каттоодон өтпөй туруп никелешүү көрүнүшү республиканын баардык аймактарында эле кездешет (15 жаштан жогорку аялдардын 4-5%). Үйлөнгөндөрдүн 20%-дан жогоркулары ала качуу жолу менен баш кошушат (макулдугу менен же макулдугу жок деле). Айыл жергесинде бул көрүнүш шаарга караганда 2 эсе көп кездешет.

 Гендердик-бөлүнгөн статистика Улутстаткомитетинин төмөнкү басылмаларында чагылдырылат: “КР демографиялык жылдык жыйнагы”, “КР саламаттыкты сактоо жана калкынын саламаттыгы”, “КР билим берүү жана илим”, “Ишке орноштуруу жана жумушсуздук” ж.б.

Басылмалардан тышкары Улутстаткомитетинин сайтында приоритеттердин индикаторлору көрсөтүлгөн белгилүү статистикалык маалыматтардын негизинде иштелип чыккан интерактивдүү гендердик база жайгаштырылган. Бул гендердик база XL-форматында жасалып, демография, билим берүү, саламаттык сактоо, калктын жашоо деңгээли, жумуш базары, кылмыштуулук жана майыптык көрсөткүчтөрү боюнча 50 индикаторду камтыйт.

(http://www.stat.kg/ru/statistics/gendernaya-statistika/).

                                                                                                                                                    

 


Акыркы жаңылоо: 09.01.2017, 16:15