Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын улуттук мониторинг тутумун киргизүү боюнча Эл аралык конференция ишин улантууда - фоторепортаж

Басылмалардын датасы: 20.09.2016


Бишкек шаарында 19-сентябрда башталган Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын улуттук мониторинг тутумун киргизүү боюнча Эл аралык конференция ишин улантууда.

Бүгүн конференциянын катышуучулары ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнүн негиздерин,  мониторингге тийиштүү талаптарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, статистикалык көрсөткүчтөрдү, альтернативдик маалымат булактарын адаптациялоого жана колдонууга байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Мындан тышкары, гендердик теңдик, адам укуктары, ТӨМдүн индикаторлорун иштеп чыгуунун жеткиликтүү ыкмалары боюнча бир катар презентациялар сунушталат. Күндүн экинчи жарымында катышуучулар Эл аралык конференциянын жыйынтыктарын чыгарышат.

“Гендердик теңдик жана ТӨМдү жүзөгө ашыруунун өбөлгөсү катары аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деп аталган презентацияда үч негизги максат аныкталды:

- улуттук деңгээлде гендердик статистикалык маалыматтарды алуу үчүн саясатты, укуктук жана финансылык чөйрөнү өркүндөтүү;

- гендердик статистикалык маалыматтарды алууну чектеп жаткан улуттук статистика тутумунун ичиндеги техникалык маселелерди чечүү;

- натыйжалуу саясатты иштеп чыгуу жана отчеттуулукту өнүктүрүү максатында маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана саясатты иштеп чыгуучулардын жана башка пайдалануучулардын аналитикалык деңгээлин жогорулатуу.

Өнөктөштөр катары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети иш алып барышты.

Изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында жүргүзүлгөн.

Натыйжада, гендердик-жоопкерчиликтүү саясатты жана программаларды ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү гендердик теңдикти жайылтуудагы каршылыктар жана мүмкүнчүлүктөр  аныкталды, улуттук институционалдык деңгээл жана гендерге тийиштүү маалыматтарды жыйнап, талдоо жүргүзүүчү жеке изилдөөчүлөрдүн жана университеттердин, мамлекеттик изилдөө мекемелеринин жана изилдөөчүлөрдүн чөйрөсүндө гендерге тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн деңгээли бекемделди.

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:43