2021-жылдын II кварталында жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 14.07.2021


2021-жылдын II кварталында жашоо минимумунун чоңдугу 6 332,05 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында II кварталда айларында жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшү белгиленди. 

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(калктын киши башына орточо, айына сом)

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(калктын киши башына орточо, айына сом)

 

II квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

Бардыгы

5 478,91

6 332,05

115,6

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

 

 

 

 анын ичинен:

6 147,16

7 122,88

115,9

   эркектер

6 306,26

7 319,33

116,1

   аялдар

6 109,95

7 079,78

115,9

Пенсионерлер

4 911,39

5 646,66

115,0

Балдар

4 617,67

5 318,54

115,2

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

4 076,60

4 689,48

115,0

 7ден 14кө чейинки

4 817,85

5 539,39

115,0

 14-17

5 243,17

6 062,67

115,6

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын  минималдуу топтомунун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана  энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумунун чоңдугун эсептөө методикасын камтыган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, жашоо минимумунун нарктык чоңдугун квартал сайын эсептеп чыгарат.

_____________________________

Үй чарба статистикасы бөлүмү                        |   e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө  мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 14.07.2021, 16:30