2022-жылдын II кварталында жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 13.07.2022


2022-жылдын II кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 7 318,24 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. 

II кварталда аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орточо киши башына, айына сом менен)

 

II квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2021

2022

Бардыгы

6 332,05

7 318,24

115,6

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

 анын ичинен:

7 122,88

8 195,92

115,1

эркектер

7 319,33

8 402,41

114,8

аялдар

7 079,78

8 144,75

115,0

Пенсионерлер

5 646,66

6 542,80

115,9

Балдар

анын ичинен, жашы:

5 318,54

6 192,82

116,4

 0дөн 7ге чейинки

4 689,48

5 496,51

117,2

 7ден 14кө чейинки

5 539,39

6 429,17

116,1

 14 -17

6 062,67

7 026,06

115,9

_______________________________________________________________

Үй-чарба статистикасы бөлүмү |   e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; тел. + 996 (312)  324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.07.2022, 17:13