Калктын акчалай кирешелери өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 5 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 11.08.2022


Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында 149,2 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери

(млн. сом)

 

Бардыгы

анын ичинде

эмгек
ишмердигинен түшкөн киреше

социалдык
трансферттер

жеке көмөкчү чарбадан түшкөн киреше

башка
акчалай түшүүлөр

2021

 

 

 

 

 

  Январь-март

126 885,6

85 210,0

18 446,5

18 326,4

4 902,7

  Январь-июнь

261 024,9

177 397,1

36 970,3

34 994,7

11 662,8

  Январь-сентябрь

397 505,4

272 605,8

55 850,3

51 505,2

17 544,2

  Январь-декабрь

541 755,0

368 621,9

76 310,9

73 352,3

23 469,9

2022

 

 

 

 

 

  Январь-март

149 193,3

101 158,5

20 354,1

21 046,8

6 633,8

2022-жылдын I кварталында керектүү бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 133,5  млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөрдү жана мүчөлүк салымдарды чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын киши башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында айына 7 420,1 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,5 пайызга өстү. Кирешенин эң чоң үлүшү  (66 пайызды) жумуш менен камсыз болгон кирешеден түшкөн. 

Январь - март айларында калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

_________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө  статистикасы башкармалыгы     

 

 

| e-mail: nkerimalieva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 12.08.2022, 09:10