Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү 16 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 18.12.2023


2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын реалдуу секторунда 25 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер иш жүргүздү. Бул мезгил ичинде алардын дүң кирешелеринин көлөмү 628,5 млрд. сомго жетти, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда дээрлик төрттөн бирине көбөйдү. Алардын олуттуу өсүүсү дүң жана чекене соода уюмдарында, курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, пайдалуу кендерди казуу, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, ошондой эле маалымат жана байланыш ишканаларында белгиленди.

Январь-сентябрдагы экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык көрсөткүчтөрү
  (млрд. сом)

 

2021

2022

2023

  Продукцияларды (иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан  түшкөн акча (дүң киреше)

399,0

503,8

628,5

  Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгым кемитилет)

60,1

116,1

101,7

  Операциялык эмес кирешелер (+) жана чыгашалар (-)

-12,7

19,6

-14,9

  Рентабелдүү ишканаларынын үлүшү, %

32

32

33

  Чыгашалуу ишканаларынын үлүшү, %

21

19

17

2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын реалдуу секторунун рентабелдүү ишканаларынын үлүшү алардын жалпы санынын 33%ын түздү, ал эми ишканалардын 17%ы чыгым тартышты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык оң болуп түзүлдү жана 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 102 млрд. сомго жакын пайданы түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 12,5%га аз.

2023-жылдын 9 айынын ичинде сатуулардын рентабелдүүлүгү жалпы экономиканын реалдуу сектору боюнча 16%ды түздү. Ошентип, экономиканын реалдуу секторунун ишканалары алынган дүң кирешелеринин 1 сомунан орточо 0,16 сом (16 тыйын) пайда алышты.

2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен финансылык ортомчулук уюмдары (43,4%), соода (34,3%), байланыш ишканалары (32,5%) жана кыймылсыз мүлк операциялары чөйрөсүндөгү ишканалар (31,8%) эң жогорку рентабелдүүлүккө жетти.

Муну менен бирге мунайзат азыктарын өндүрүү ишканаларынын сатууларынын чыгашалуулугу 80,6%ды, электр энергиясын иштеп чыгуу, аны берүү жана бөлүштүрүү ишканаларынын сатууларынын чыгашалуулугу 27,5%ды, курулуш уюмдарынын сатууларынын чыгашалуулугу 1%ды түздү.

Январь-сентябрдагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү1
      (пайыз менен)

 

2021

2022

2023

  Бардыгы

15,1

23,1

16,2

  Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук

10,9

8,9

14,9

  Пайдалуу кендерди казуу

12,7

31,4

11,3

  Иштетүү өндүрүшү

14,2

25,4

15,2

  Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо

-12,4

7,7

-22,6

  Cуу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
  иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты  алуу

2,2

3,4

1,9

  Курулуш

8,8

-4,9

-1,0

  Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

33,5

34,5

34,3

  Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

27,1

20,0

20,6

  Мейманканалар жана ресторандар

-7,8

11,7

10,3

  Маалымат

18,0

22,3

22,8

  Байланыш

26,8

29,3

32,5

  Финансылык ортомчулук

27,8

41,8

43,4

Кыймылсыз мүлк операциялары

22,8

37,1

31,8

Кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик

9,5

8,6

21,6

Административдик жана көмөкчү ишмердик

17,3

22,4

15,8

Билим берүү

14,4

12,9

11,9

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө

23,0

10,7

13,2

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

4,6

4,4

5,8

Башка тейлөө ишмердиктери

20,2

10,4

23,6

1Сатуулардын рентабелдүүлүгү отчеттук мезгилде ишкана тарабынан алынган продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сатуудан түшкөн акчага  (дүн кирешеге) сальдоштурулган финансылык натыйжанын (пайда, чыгым (-)) катышы катары эсептелет.

Алуу белгиси (-) чыгашалуулукту билдирет.

 

Финансы статистикасы бөлүмү                  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                    |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.12.2023, 13:34