ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди

Басылмалардын датасы: 13.12.2023


2023-жылдын ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин өткөн айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленген. Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын жана тарифтеринин индекси 0,3 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
 (пайыз,  өсүү +; төмөндөө-)

 

Ноябрь ү.ж. октябрына
карата

Ноябрь
мурунку жылдын декабрына карата

Ноябрдагы орточо айлык өсүү (төмөндөө) темптери

2022

2023

2022

2023

2022

2023

Армения

1,1

0,5

7,2

-1,5

0,7

-0,1

Беларусь

-1,1

0,7

12,4

4,9

1,1

0,4

Казакстан

1,4

1,0

18,9

8,9

1,6

0,8

Кыргызстан

1,3

0,3

13,5

6,9

1,2

0,6

Россия

0,4

1,1

11,1

6,6

1,0

0,6

 * Статистикалык кызматтардын маалыматтары боюнча

2023-жылдын ноябрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (8,9 пайыз) Казакстан Республикасында катталган, мында азык-түлүк товарларынын (7,5 пайызга) жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын баалары эң көп (11,5 пайызга) жогорулаган. Ошол эле убакта Кыргыз Республикасында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын максималдуу өсүшү (11,9 пайызга) катталган.

2023-жылдын ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча деңгээли
(пайыз,  өсүү +; төмөндөө-)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

 

Мурунку айга карата

Армения

0,5

0,8

0,3

0,2

Беларусь

0,7

1,1

0,4

0,2

Казакстан

1,0

0,7

0,5

1,7

Кыргызстан

0,3

-0,1

0,7

0,7

Россия

1,1

1,6

0,5

1,2

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

-1,5

-5,2

0,2

2,5

Беларусь

4,9

5,2

2,8

7,2

Казакстан

8,9

7,5

8,5

11,5

Кыргызстан

6,9

4,3

11,9

8,9

Россия

6,6

6,6

5,5

8,2

* Статистикалык кызматтардын маалыматтары боюнча

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки азыктарын кошкондо

 

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.12.2023, 14:49