ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлорунда социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене баалары

Басылмалардын датасы: 03.08.2021


Ыкчам маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын июнунда  ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

2021-жылдын июнунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

 (килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

5,49

5,51

6,40

4,13

Койдун эти

5,74

6,75

8,24

-

Ак (каймак) май

4,00

7,28

12,23

7,10

Пастеризацияланган сүт, литр

0,69

0,66

1,04

0,66

Жумуртка, ондук

1,16

1,02

1,23

1,02

Биринчи сорттогу буудай уну

0,45

0,54

0,71

0,49

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,56

0,40

0,93

0,55

Картошка

0,65

0,59

0,88

0,81

           

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унуна орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2021-жылдын июнунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен ак майга болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 12,23 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 4,00 АКШ доллары)  -  Бишкек шаарында  белгиленген. Эң төмөн баалар кой этине (1 килограмм үчүн 5,74 АКШ доллары) жана биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,45 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды.

 

2021-жылдын июнунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарына максималдуу жана минималдуу орточо баалар

                (килограмм үчүн АКШ доллары)

 

Үстүбүздөгү жылдын июнунда орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Нур-Султан жана Минск шаарларында - 4,3 пайызга, уй этине Минск шаарында - 24,8 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында - 28,6 пайызга, Минск шаарында - 1,8 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2021-жылдын июнунда Бишкек шаары боюнча картошкага болгон орточо баалар Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 9,2 пайызга ашты.

 

2021-жылдын июнунда ЕАЭБ мамлекеттеринин борбор шаарларында орточо

айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

100,4

116,8

75,2

Койдун эти

100

117,6

143,6

-

Ак (каймак) май

100

182,0

305,8

177,5

Пастеризацияланган сүт, литр

100

95,7

150,7

95,7

Жумуртка, ондук

100

87,9

106,0

87,9

Биринчи сорттогу буудай уну

100

120,0

157,8

108,9

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

71,4

166,1

98,2

Картошка

100

90,8

135,4

124,6

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

302,3

805,1

1 583,3

811,7

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

54,9

146,3

250,7

197,1

Койдун эти

52,5

119,4

194,8

-

Ак (каймак) май

75,4

110,8

131,3

114,8

Пастеризацияланган сүт, литр

439,1

1 230,3

1 546,5

1 237,0

Жумуртка, ондук

260,2

791,9

1 304,8

799,0

Биринчи сорттогу буудай уну

664,4

1 497,8

2 249,2

1 669,4

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

539,2

2 014,6

1717,2

1 488,0

Картошка

465,8

1 361,6

1 831,6

1 011,5

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 2021-ж февралындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2021-ж. январындагы - Москва ш. боюнча,
2021-ж. 1-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

ЕАЭБ айрым мамлекеттеринин борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу 2021-жылдын июнунда биринчи керектөөчү продуктулар боюнча баалар Бишкек шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин башка борборлорундагы алардын деңгээлдеринен артта калганын, бул Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталганы жөнүндө күбөлөндүрүп турат. Мисалы, Бишкекте орточо эмгек акыга дээрлик 500 килограмм, ал эми Москвада - 3,9 эсеге көп (1 831,6 килограмм) картошка сатып алууга болот. Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 2 тоннага жакын, ал эми Бишкек шаарында - 3,7 эсеге аз (539,2 килограмм) нан сатып алууга болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) тийиштүү товардын 1 килограммынын орточо баасына бөлүү жолу менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 03.08.2021, 09:30