Бүгүн, 2015-жылдын 12-октябрында Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 9-айлык социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары боюнча талкуулана турган пресс-конференция өттү

Басылмалардын датасы: 12.10.2015


Бүгүн, 2015-жылдын 12-октябрында Улутстаткомдо  Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары  боюнча  талкуулана турган пресс-конференция өттү

Бүгүн, 2015-жылдын 12-октябрында Улутстаткомдо үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жана башка бир катар маселелер талкуулана турган пресс-конференция өттү. 

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Джанбулат Байжуманов маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрындагы ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 293 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда 6,3 пайызга өстү. Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келип, ИДПнын жалпы көлөмүндө 48 пайыздан ашты, өнөр жайдын үлүшү 16 пайызга жакындады, айыл чарба 16 пайыздан ашса, курулуш 7 пайызга жакындады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрындагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 127 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 17,4 пайызга өстү. “Кумтөр” кен казуу ишканаларын кошпогондо бул мезгил ичиндеги продукциянын көлөмү 2 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Чинара Абдрахманова өз сөзүндө республикадагы электр энергиянын ресурстарын жана керектөөсүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн системасы менен тааныштырып, 2014-жылдагы иштетилген энергиянын деңгээли мурунку жылдын деңгээлинен 4 пайызга көбөйгөндүгүн маалымдады. Иштетилген энергиянын жарымына жакыны өнөр жайга керектелет. Өндүрүлгөн энергиянын жалпы көлөмүндөгү жоготуулар 2014-жылы жалпысынан 17 пайыздан ашты.  

Ишканалар жана финансы бөлүмүнүн башчысы Венера Мамбеталиева республикадагы коомдук уюмдар тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге ал 2015-жылдын башына карата СББМРде катталган мындай уюмдардын жалпы санынын ичинен үчтөн бири же 5 миңден ашыгы гана иш жүргүзгөндүгүн белгилеп өттү. Коомдук уюмдардын эн көп саны Бишкек шаарына туура келет, мында эки миңден ашык уюм же алардын жалпы санынын 42 пайызы иш алып барат.

 

 

КР Улутстаткомдун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)


Акыркы жаңылоо: 12.10.2015, 13:21