Көмүр рыногунда орточо баалардын төмөндөшү уланууда. 2020-жылдын 30-январына карата абалы боюнча кыскача обзор

Басылмалардын датасы: 31.01.2020


Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

2020-жылдын 30-январына карата абалы боюнча жалпы республика боюнча көмүрдүн орточо чекене баалары 2019-жылдын декабрь айына  салыштырмалуу 104,01 сомго же 2,3 пайызга төмөндөдү.

Ошентип, көмүрдүн бааларынын эң кымбаты Ноокат  шаарында (бир тонна үчүн – 7 421,75 сом), Баткен шаарында (бир тонна үчүн - 7 140,04 сом), Исфана шаарында (бир тонна үчүн – 6 445,15 сом) жана Кара-Суу шарында (бир тонна үчүн – 6 245,00 сом) белгиленди. Ал эми көмүрдүн чекене бааларынын эң төмөнкүсү, мурдагыдай эле, Балыкчы  (бир тонна үчүн – 3 694,59 сом), Нарын  (бир тонна үчүн – 3 500 сом,00 сом) шаарларында жана Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500,00 сом) катталды. Муну менен бирге, көпчүлүк шаарларда көмүрдүн баалары өзгөрүүсүз сакталып калды.

Көмүргө карата баалардын Өзгөн шаарында – тоннасы  206,87 сомго же 4,2 пайызга жана Токмок шаарында – тоннасы 184,73 сомго же 4,9 пайызга максималдуу жогорулаганы байкалды. Ушуну менен катар эле, ага карата чекене баалар көбүрөөк Баткен шаарында бир тонна үчүн 667,89 сом же 8,6 пайыз жана  Жалал-Абад шаарында бир тонна үчүн 374,49 сом же 7,1 пайыз өлчөмүндө төмөндөдү.  

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
        (бир тонна, сом)

 

2019-ж.

декабрына

2020-ж.

30 - январына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

Кыргыз Республикасы

4 544,94

4 440,93

-104,01

 Каракол ш.

5 556,98

5 431,89

-125,10

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

 Кербен ш.

4 647,58

4 647,58

0,00

 Токтогул ш.

4 750,00

4 562,49

-187,51

 Жалал- Абад ш.

5 306,91

4 932,42

-374,49

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

6 387,49

6 445,15

57,67

 Баткен ш.

7 807,93

7 140,04

-667,89

 Кара-Суу ш.

6 245,00

6 245,00

0,00

 Ноокат ш.

7 429,74

7 421,75

-8,00

 Өзгөн ш.

4 983,28

5 190,14

206,87

 Покровка а., Манас району

4 500,00

4 500,00

0,00

 Талас ш.

5 084,29

5 000,00

-84,29

 Кара-Балта ш.

3 900,00

3 900,00

0,00

 Токмок ш.

3 800,00

3 984,73

184,73

 Бишкек ш.

3 970,68

3 906,44

-64,23

 Ош ш.

5 966,48

6 033,15

66,67

 

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода    точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат.Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды   каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.

 

_____________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 31.01.2020, 15:40