Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын үчүнчү отуруму өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 05.07.2019


Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын үчүнчү отуруму өткөрүлөт.

Комиссиянын кароосуна эки маселе коюлду:

1. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун Календардык планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат (баяндамачы Акылбек Шакирович Султанов – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы);

2. 2019-жылы пилоттук (сыноо иретиндеги) эл жана турак жай фондун каттоосунун өткөрүлүшү жөнүндө маалымат (баяндамачы Исалиев Кошой Овосбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары).

Аны өткөрүүнүн максаты, Бишкек шаарынын жана ага жакын жайгашкан Чүй облусунун райондорунун административдик-аймактык чек араларын тактоого, көчөлөргө аталыштарды берүүгө жана борбор калаабыздагы жана аймактардагы турак үйлөргө номерлерди берүүгө, ошондой эле Чүй облусунун аймагында өткөрүлгөн пилоттук (сыноо иретиндеги) эл жана турак жай фондун каттоодо келип чыккан оорчулуктарга байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү эсептелет.

Азыркы убакта Улутстаткому каттоонун райондоштурулушун түзүүдө негиз болуп берүүчү даректик регистрди тактоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү   

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36

 

 


Акыркы жаңылоо: 05.07.2019, 09:19