Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 06.04.2022


Улуттук банктын колдоосу менен “Салыкты администрациялаштыруудагы жана статистикалык тутумдагы модернизация” долбоорунун статистикалык компоменттерин ишке ашыруу миссиясынын алкагында Улутстаткомдун төрагасы Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту.

Миссиянын максаты 2022-жылга белгиленген иш-чаралардын алкагында долбоорду ишке ашыруудагы прогрессти жана Долбоордун статистикалык компоненттерин жүзөөгө ашыруу үчүн негизги сатып-алуу пакеттерин ишке киргизүүдөгү аткарылган иштерди байкоо болуп саналат.

Жолугушууда Улутстаткомдун Төрагасы жолугушуунун катышуучуларына жогоруда белгиленген долбоорду ишке ашыруу боюнча азыркы тапта аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндө жалпы маалымат берди.

Ошондой эле жолугушуу учурунда кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү, статистикалык изилдөөлөр Институтун бекемдөө жана Улутстаткомдун кызматкерлери, айти-адистерди, расмий статистика органдарынын аймактык түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин аталган Долбоордун ишке ашырылышынын алкагында квалификацияларын жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууга алынды.

            

            

           

 

 


Акыркы жаңылоо: 06.04.2022, 15:54