Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун жетекчилиги БУУнун Статистикалык бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Норвегиянын Статистикалык Бюросунун өкүлдөрү менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 10.05.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бириккен Улуттар Уюмунун Статистикалык бөлүмүнүн, ошондой эле Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Өз сөзүндө Б. Кудайбергенов БУУнун статистикалык бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын статистика тутумунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг тутумун жана отчеттуулукту түзүүдөгү көрсөткөн колдоосу үчүн, ошол эле учурда Улутстаткомдун өнөктөшү болгон Норвегиянын Статистикалык Бюросуна Кыргыз Республикасынын статистика тутумуна көрсөтүлгөн техникалык жана методологиялык зор жардамы үчүн, айрыкча  отчеттуулуктун электрондук тутумун киргизилишиндеги, методологиялык маалыматтардын тутумунун иштелип чыгышындагы, бизнес-процесстердин статистикасынын натыйжалуулугун арттыруудагы жана Мамлекеттик маалыматтык тутумунун ишке киргизилишиндеги көмөгү үчүн  ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын сентябрында башка өлкөлөр менен биргеликте Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүү максаттарынын ири жетишкендиктерине жетүү үчүн салым кошуу милдетин өзүнө жүктөгөн, ошондой эле Күн тартип – 2030дагы максаттарга жетүүдөгү көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө Улутстаткомго жүктөлгөн.

“Республикадагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын мониторинг тутумун түзүүдө Улутстатком тарабынан көптөгөн жумуштар жасалды, ошону менен бирге жеткиликтүү көрсөткүчтөрүнүн санын арттыруу жана жакшыртуу жаатында иштер жасалып жатат”,- деди өз сөзүндө Улутстаткомдун төрагасы.

БУУнун Статистикалык бөлүмүнүн  өкүлү Елена Де Хесустун айтымында, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттары долбоорунун алкагында биринчилерден болуп жетишкендиктерге жеткен, ошондой эле Улутстатком Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасындагы маалымат өндүрүүчүлөр менен колдонуучулар ортосундагы бекем байланышты түзө алды.

БУУнун Статистикалык бөлүмүнүн өкүлү Марк Илифф белгилегендей маалыматтарды чогултуудагы жаңы ыкмаларды колдонуу, айрыкча Мамлекеттик маалыматтык тутумдагы жаңылануулар – статистиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун өкүлү Вебьорн Ааландлид Кыргызстан менен Норвегиянын статистикалык органдарынын ортосундагы дээрлик 15 жылдан берип уланып келе жаткан кызматташтыкты бекемдөөгө ынтызар экендигин билдирди.

Миссиянын максаты Кыргызстандын статистикалык тутумун тынымсыз маалымат өндүрүү жөндөмдүүлүгүн жана геомейкиндиктеги маалыматтарды колдонуу менен приоритеттүү көрсөткүчтөрдүн дезагрегациясын камсыздоо максатында техникалык семинарды өткөрүү болуп саналат.

            

           

           

           

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 10.05.2022, 18:06