КМШнын статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кезектеги отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 18.12.2020


Бүгүн, 2020-жылдын 18-декабрында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шекритештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши онлайн тартибинде өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө КМШнын Мамлекет аралык статистикалык комитетинин 2021-жылга каралган иш Программасы кабыл алынды.

Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын 2016-2019-жылдардагы ишмердигинин жыйынтыктары, ошондой эле COVID – 19 пандемиясынын шартында иштөөнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды.

Аталган Программада Ички дүң өндүрүмдү валютанын сатып алуу паритеттигине карата эл аралык салыштырууларга чоң маани берилоген. Ошондой эле КМШ айдыңында Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы боюнча бир катар иштер каралган, атап айтканда, аталган максаттар мониторингге алынат. Программанын долбоорунда эл каттоо өнөктүгүнө чоң орун берилди. Эгер Тажикстан эл каттоого ушул жылдын октябрь айында өткөрсө, Кыргызстан, Россия, Армения жана Казакстан мамлекеттери бул өнөктүктү пандемияга байланыштуу 2021-жылга жылдырган.

Жалпысынан 2021-жылга карата 4 методикалык ишти аткаруу каралган, 23 доклад, аналитикалык обзорду даярдоо жана басып чыгаруу пландалган, ошондой эле 16 тематикалык жыйнак менен жыл сайын чыгыптуруучу басылма жарык көрөт.

Онлайн талкуунун жыйынтыгында, КМШнын статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин Төрагалыгын өткөрүп берүү тууралуу сөз болуп, 2021-жылы аталган Кеңеш Казакстан Республикасынын улуттук статистика Бюросунун Төрагалыгы астында өтмөй болду.

 

 


Акыркы жаңылоо: 18.12.2020, 17:23