Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген статистика боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 19.05.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 19-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Кеңеш расмий статистиканы өндүрүүчүлөргө стратегиялык мүнөздөгү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу консультациялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңештин курамы жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген.

Кеңештин негизги милдеттери болуп Улуттук статистика системанын стратегиялык документтеринин долбоорлорун, статистикалык программалардын (орто мөөнөттүү жана жылдык) долбоорлорун жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду талкуулоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу саналат.

Отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров катышып, расмий статистика өндүрүүчүлөргө сунуштамаларды иштеп чыгуу процессине жарандык коомду тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен статистика боюнча кеңеш түзүлгөндүгүн белгиледи. «Статистика боюнча кеңештин ролу расмий статистиканын актуалдуулугун жогорулатууда жана Улуттук статистика системанын ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптерин алга жылдырууда турат. Ошондой эле кеңеш колдонуучуларга стратегиялык пландаштырууга, мониторингге жана статистикалык маалыматтардын мазмунуна түздөн - түз таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деп белгиледи Жетиген Бакиров.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө Кеңеш – Жогорку консультативдик орган катары, колдонуучулардын муктаждыктары, идеялары, сунуштары жана кайтарым байланышты жөнгө салуу үчүн расмий статистиканы өндүрүүчүлөр менен пайдалануучулардын ортосундагы дагы бир көпүрө экендигин баса белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогусаков жана төрагасынын орун басары болуп Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков шайланышты, ошондой эле иш Регламенти бекитилди, статистикалык программалардын долбоорлору жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу, анын ичинде Дүйнөлүк банктын «салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды.

          

          

          

          

          

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 19.05.2022, 15:57